Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Пакистандагы темир жол кырсыгында өлгөндөрдүн саны 17ге жетти


Коопсуздук кызматтары кырсыкка кабылган поезддин жүргүнчүлөрүн куткарышууда. 2-июль 2015
Коопсуздук кызматтары кырсыкка кабылган поезддин жүргүнчүлөрүн куткарышууда. 2-июль 2015

200дөн ашык жүргүнчүнү, анын ичинде аскерлерди жана алардын үй-бүлөсүн ташып бараткан поезд 2-июлда көпүрө бузулуп, каналга түшүп кеткен эле. Өкмөт саботаж болушу ыктымал деп атаган кырсык Пенжаб провинциясынын Вазирабад шаарынын четинде болду. Аскерлердин айтышынча, поезд көпүрөдөн өтүп баратканда төрт вагон рельстен чыгып кеткен. Поезд аскер гарнизону жайгашкан Харин шаарына бараткан. Өкмөттүк телеканалдын билдиришинче, өлгөндөрдүн арасында аскердик бөлүктүн командири, зайыбы жана кызы да бар. 80 жүргүнчү куткарылган. Жоголгон адамдарды издөө уланууда.

XS
SM
MD
LG