Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Армения 200 млн. долларга Орусиядан курал сатып алат


Орусиялык аскерлер Арменияда базада машыгуу өткөрүүдө. 20-апрель 2013
Орусиялык аскерлер Арменияда базада машыгуу өткөрүүдө. 20-апрель 2013

Москва Арменияга курал сатып алууга жана армиясын модернизациялоого 200 миллион доллар насыя берди. Армениянын коргоо министринин орун басары Ара Назаряндын 2-июлда улуттук парламентте маалымдашынча, насыя эсебинен “армия аймактагы аскерий баланска олуттуу таасир этчү заманбап куралдарга ээ болот”. Кредит 13 жыл ичинде төлөнүүгө тийиш. Алгачкы үч жылда насыя төлөнбөйт, андан кийинки жылдары 3% кайтарым менен төлөнөт. Армения парламенти бекиткен келишимге ылайык, орусиялык куралдар 2015-17-жылдары арзан наркта сатып алынат. Арменияда Орусиянын аскер базасы жайгашкан. Тоолуу Карабах чатагына байланыштуу Ереван-Баку ортосунда мамиле жок.

XS
SM
MD
LG