Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

Амано: МАГАТЭ жана Иран дагы көп иштеши керек


МАГАТЭнин директору Юкиа Амано жана Иран президенти Хасан Роухани. Тегеран, 2-июль 2015.

МАГАТЭнин директору Юкиа Амано жана Иран президенти Хасан Роухани. Тегеран, 2-июль 2015.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин директору Юкиа Амано 3-июлдагы билдирүүсүндө ал Иранга баргандан кийин эки жак кээ бир маселеде бири-бирин жакшы түшүнүп калышканын, бирок дагы көп иштөө керек экени айтылат.

Амано Тегеранга 2-июлда Ирандын чакыруусу боюнча өлкөнүн ядролук программасына тийиштүү кээ бир суроолорду тактаганы барган. Береги программага байланыштуу Иран жана алтылык ортосундагы корутунду сүйлөшүү ушу тапта Венада өтүүдө.

Өкмөттүк ИРНА жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, Амано жана Иран президенти Хасан Роухани Тегерандын мурдагы ядролук ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелерди сүйлөшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG