Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Ошто диний сабаттуулукка басым жасаган китепкана ачылды


Бул тууралуу Шейх Мухаммад Садык китепканасынын негиздөөчүсү Азамат Насиров билдирди. Анын айтымында, китепкана илимге негизделген диний адабияттар аркылуу жаштардын диний сабаттуулугун көтөрүү максатында ачылган. Учурда китепканада миңден ашык адабияттар топтолгон. Китептердин 30% диний китептер түзсө, калган 70% кадимки заманбап адабияттардан турат.

Алардын арасында Гарри Поттер сыяктуу дүйнөлүк жаңы көркөм чыгармалар да бар. Китепкананын негиздөөчүсүнүн айтымында, бул жер китеп сатып алууга, китепти ижарага берүүгө жана отуруп окууга ыңгайлашкан. Азырынча бул китепкана диний адабияттарга басым жасаган Оштогу эң алгачкы мекеме болууда.(YI)

XS
SM
MD
LG