Бүгүн 3-июлда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында 1916-жылдагы каргашалуу окуянын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү.
Анда Темир Сариев 1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздагы кайгылуу окуя гана эмес, кыргыз элинин эркиндикке умтулуу күрөшү катары да бааланышы керетигин, каргашалуу окуялардын 100 жылдыгын татыктуу эскерүү менен бул милдетти аткаруу зарылдыгын билдирди. Ал 100 жылдыкты белгилөө боюнча бирдиктүү аракет болушу керектигин, бул багытта түзүлгөн коомдук комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик комиссиянын курамына киргизилгенин кабарлады. Мындан тышкары эскерүү иш-чараларды өткөрүү боюнча мамлекеттик органдарга, өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүнө өз алдынча иш-план иштеп чыгуу тапшырылды. Бишкек шаардык мэриясы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 1916-жылдагы окуянын курмандыктарына арналып Бишкекте тургузулчу эстелик боюнча ишти тездетүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (AzK)