Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Ципрас гректерди "шантаждан" коркпоого үндөдү


Премьер-министр А. Ципрас букараларга телекайрылуу жасоодо. 3-июль 2015

Премьер-министр А. Ципрас букараларга телекайрылуу жасоодо. 3-июль 2015

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас жарандарды 5-июлдагы референдумда “шантажга” моюн сунбоого чакырды. Ал 3-июлдагы кайрылуусунда гректерди “коркутуп-үркүткөн үндөрдү” укпоого да үндөп, Грециянын Евробиримдикке мүчөлүгү жөнүндө сөз болуп жаткан жок деди.

Референдум шайлоочулардын эл аралык насыяларды алуунун шартына мамилесин аныктайт. Биримдиктин лидерлери эгер көпчүлүк “жок” деп добуш берсе, Ципрастын өкмөтү сүйлөшүүдө өз позициясын бекем карманат дегенге макул эмес. Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер 3-июлда Люксембургда сүйлөп: “Эл ”ооба” деп добуш берген кезде да бизди катаал сүйлөшүү күтөт. Эгер “жок” деп добуш берсе, гректердин позициясы кескин начарлайт,”-деп билдирди.

Грецияга насыя берүү токтотулганга байланыштуу бир нече күндөн бери өлкөнүн банктары жабык турат жана накталай акча берүү чектелген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG