Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Мигранттар жөнөткөн каражат 30 пайызга кыскарды


Быйыл беш айда мигранттардын Кыргызстанга которгон каражаты былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга аз. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев ММКлардын жетекчилери менен жолуккан учурда билдирди. Ал Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин мигранттардын абалы оңолуп, жакшырак каражат табат деген пикирин кошумчалады.

Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге майда кол койгон. Документти бардык өлкөлөр ратификациялаган соң мигранттар үчүн патент системасы, орус тили жана тарыхтан экзамен тапшыруу, миграциялык карта жоюлат. Бул арада келишим Казакстандын Мажилисинде да каралып жатат. Калган өлкөлөр келишимди ратификациялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG