Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Бүгүн президент Атамбаев Астанага барат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Казакстанга иш сапары менен барат. Ал казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы билдирди.

Ошондой эле Атамбаев Астана шаарынын туулган күнүн майрамдоо иш-чараларына да катышат. 6-июль Казакстан борборунун күнү. Майрамга байланыштуу шаарды кооздоого миллиондогон гүл кеткенин, ага казакстандык жана чет элдик сүрөтчүлөр тартылганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. 6-июль Назарбаевдин да туулган күнү, ал 75ке чыгат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG