Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстанга Индиянын премьер-министри келет


Нарендра Моди АКШ президенти Барак Обама менен.
Нарендра Моди АКШ президенти Барак Обама менен.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келаткан 6-июлдан 13үнө чейин Борбор Азия өлкөлөрүн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды кыдырат. Кыргызстанга 12-июлда келет деп күтүлүүдө.

Моди Кыргызстандын премьер-минстри Темир Сариев менен жолугарын өкмөттөн билдиришти. Талкууга алынчу негизги маселе “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун Борбор Азияга таасири жана андан келчү коркунучтар. Моди аталган өлкөдө жетекчилери менен терорризмге каршы күрөшүүдөгү технологиялар, радикализмге каршы туруу жана биргелешип окууларды өткөрүү маселелерин талкуулайт. Мындан сырткары экономикалык, энергетикалык байланыштар тууралуу сөз болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG