Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Тунисте өзгөчө кырдаал жарыяланды


Тунистин президенти Беджи Каид Эс-Себси 30 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланганын ишемби күнү кабарлады. 26-июнда куралчан адамдар Жер ортолук деңизинин жээгиндеги Сусс курортундагы отелде туш келди ок атып, 39 киши мерт кеткен. Алардын 30у Британиянын жарандары. Тунис бул теракттын кесептинен быйыл 500 миллион долларга чыгым болду. Туристтерге кол салган адам Сейфеддин Резги аттуу 23 жаштагы студент болгон. Ал полициянын огунан каза болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” эстремисттик тобу алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG