Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Черногорияда курал жасоочу заводдо жардыруу болду


5-июлда Черногорияда курал жасоочу заводдо жардыруу болуп, бир киши набыт кетти жана бир нече адам жараат алды. Полициянын айтымында, бул Тара шаарындагы заводдо 2014-жылдын башынан бери болгон үчүнчү жардыруу. Буга чейинки эки жардырууда жети киши катуу жарадар болгон. Текшерүү ишканада коопсуздук эрежелери сакталбаганын көрсөткөн. Ишкана полициячылар үчүн тапанча жана мылтык чыгарат. Анда жасалган согуш куралдары Евробиримдикке, АКШга, Канада жана Балкан өлкөлөрүнө сатылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG