Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Атамбаев Астанада Назарбаев менен жолугушат


Кыргызстандын президент Алмазбек Атамбаев казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча, жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБга кирүүсүн шарттаган келишимдерди казак парламенти тарабынан ратификациялоо маселесин тездетүү боюнча да сөз болушу мүмкүн.

Өткөн жумада келишимдерди Орусия жана Беларус парламенттери ратификациялаган. Армения мурдагы апталарда эле келишимди ратификациялаган. Эми Казакстан парламентинин чечим кабыл алышы менен Кыргызстан биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп калат. Андан ары ратификацияланган келишимдерге президенттер кол коюп, андан кийин тараптар тийиштүү грамоталар менен алмашуусу керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG