Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Кыргызстанда төрт күндө үч жолу жер титиреди


4-июлда эртең мененки саат 8 жарымда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында катталган силкинүүнүн күчү 3 баллга жетти. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашкандай, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Ноокат районунун Найман айылынан 7 чакырым аралыкта болгон. Аталган айылда жер титирөөнүн күчү 2,5-3 балл болгон.

Сейсмология институту 1-июлда да Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгонун кабарлаган. Маалыматка ылайык, Нура айлында 4 балл, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 3,5 баллдык силкинүү байкалган. Ошондой эле 3-июлда саат 21:28 минут өткөндө Ысык-Көлдө жер титирөө болгон. Силкинүүнүн күчү очогунда 4 баллды түзүп, Кашат, Темировка, Семеновка айылдарында 3,5-4 балл, калган жактарда 2-5-3 баллды түзгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча силкинүүдөн жапа чеккендер жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG