Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Кишиневдо Румыния менен биригүүнү жактаган митинг болду


Молдованын баш калаасындагы негизги аянтта болгон митингге 5 миңдей киши катышты. Ал эми уюштуруучулары элдин саны 30 миңге жеткенин айтышууда.

Демонстранттар Румыния менен Молдованын желектерин көтөрүп, “Биригүү”, "Прут суусунда чек аранын кереги жок!” деген чакырыктарды жасашты. Митингди уюштуруучулардын бири, “Жарандык Молдова” жаштар кыймылынын башчысы жергиликтүү маалымат каражатына маек куруп жатып, Румын президенти Клаус Йоханниске “бизди үйгө алып кетиңиз” деп кайрылды.

Молдова 1912-1918-жылдары Орус империясынын курамына кирген, кийин кайра Румыния менен бириккен. Ал эми Советтер Союзу менен фашисттик Германия түзгөн келишим боюнча СССРдин курамына киргизилген. Союз кулагандан кийин көз карандысыздыкка ээ болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG