Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Чаткал: Калайман мушташта жабыркаган алты адам ооруканада


Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында 20-21 жаштагы балдар арасында чыккан калайман мушташтан жабыркаган алты киши ооруканага түштү. Айрымдары бычактан, кээ бирлери ур-токмоктон жабыркаган. Аларды жакындары карап жатканын Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Башкармалыктын атайын даярдыктагы 20 адиси айылда түшүндүрүү жана териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын район акими Канжар Эшалиев "Азаттыкка" маалымдады.

4-июль күнү кечинде Айгыр-Жалда 1994-1995-жылдары төрөлгөн жыйырмага жакын уландын ортосунда жаңжал чыккан. Окуя боюнча кылмыш иш ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Мушташка катышкандардын баарынын тек-жайы аныкталып, милицияга алынып келинди. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бир адам камакка алынды. Башкаларын камоо же бошотуу сурактын жүрүшүндө аныкталат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG