Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:45

Кыргызстандын ЖИА бизнес ассоциациясы күздөгү парламенттик шайлоого даярдана баштаганы тууралуу кеп-сөз чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” аталган уюмдун төрагасы Руслан Акматбек билдирди. Ал ошондой эле ЖИА “Замандаш” партиясына кошулуп жатканы тууралуу маалымат да чындыкка дал келбесин айтты:

- Биз эч качан саясий максатты көздөгөн эмеспиз. Мындан кийин да андай кадамга барбайбыз. Биздин уюмга тандаган партиясы, саясий көз карашына карабай, бардык ишкерлер мүчө боло алат. Ошондуктан курамыбызда түрдүү саясий топтордун өкүлдөрү да бар. Бирок аны ЖИА шайлоого даярданып жатат деп түшүнүү туура эмес.

ЖИА бизнес ассоциациясы алгач “Жаш ишкерлер ассоциациясы” деген ат менен иштеген. Ага бүт өлкөдөгү ишкерлер мүчө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG