Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Жалал-Абад ири инвестициялык форумга камданууда


9-10-июль күндөрү “Жалал-Абад-2015” эл аралык форуму өтөт. Ага катышуу үчүн Жалал-Абад шаарына Кытай, Орусия, Азербайжан, Түркия, Чувашиядан ишкерлер келет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" иш-чараны уюштуруп жаткан өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан кабарлашты.

Форум алкагында “Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү”, “Инфраструктура жана курулуш индустриясы”, “Туризм жана тейлөө чөйрөсү” багыттарында талкуу болот. Ошондой эле инвесторлорго Жалал-Абад облусу боюнча даяр бизнес долбоорлор боюнча маалымат берилет.

Мындан сырткары жергиликтүү жана чет элдик ишканалар чыгарган продукциянын, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул күнү кечкисин “Кымыз” майрамы да уюштурулат.

Иш-чараны өткөрүүгө БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Соодага көмөктөшүү”, ЕККУнун “Агро Горизонт”, Германиянын Эл аралык кызматташуу коомунун “Агро Лид” долбоорлору жана USAID уюму көмөктөшүүдө. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG