Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Сариева: Ар бир мектеп өз формасынын түсүн тандоого укуктуу


Өлкөдөгү ар бир мектеп өз мектеп формасынын түсүн тандоого укуктуу, эң башкысы ал классикалык стилде болушу керек. Бул туурасында бүгүн билим берүү жана илим министри Элвира Сариева мектеп формасы боюнча киргизилип жаткан жаңы стандарттардын презентациясында билдирди.

Министрдин айтымында, бул стандарттар ата-энелерге жана мектеп жетекчилерине аймактарда формага байланыштуу маселелерди чечүүгө жардам берет.

Быйыл бардык мектептер 1-сентябрдан тарта жаңы талапка өтүшү шарт. Жаңы стандартта негизги кара, боз, көк жана кочкул түстөр белгиленген.(AIJ)

XS
SM
MD
LG