Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү жанданды


Алты бакубат өлкөнүн тышкы иштер министрлери Ирандын талаштуу ядролук програмасы боюнча корутунду келишимге жетүү үчүн Венага чогулду. Бул келишим Ирандын ядролук ишмердигин чектеп, өлкөнү эл аралык санкциялардан бошотууга жол ачышы керек.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф бүгүн журналисттерге эки тарапта дале "айрым бир айырмачылыктар" калып жатканын билдирди.

АКШ мамкатчысы Жон Керри да кечээ сүйлөшүүлөрдө "реалдуу прогресс" болгонун, бирок айрым татаал маселелер калып жатканын айтты. "Биз азыр корутунду келишимге жетишүүнү белгиленген убакытта бүтүрүүнү көздөп жатабыз. Бул мөөнөт- 7-июлга белгиленген".

Кытайдын тышкы иштер министр Ван И болсо тараптар келишимге жетишүү алдында турганын айтты.

Иран менен сүйлөшүп жаткан алты деражавага АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

Бул өлкөлөр Иранды ядролук программасын чектөөгө ынандырып, анын ордуна Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкцияларды алып салууга көндүрүүнүн аракетин көрүшүүдө. Тараптар 7-июлга чейин корутунду келишим боюнча бир бүтүмгө келиши абзел.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG