Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды


Бүгүн Баткен районунун Көчө-Карын жергесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыккан чыр-чатактан улам ок атылды. Чек ара кызматы бир тажик жараны жараат алганын айтууда, ал эми "Азаттыктын" жеке булактарынын алдын ала маалымдашынча, ал адам мерт болду.

Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, такталбаган тилкеден Кыргызстан аймагына кирип кетип, Баткен-Исфана каттамындагы кыргыз жарандарынын автоунааларын таш менен ургулап жаткан Тажикстандын алты жаранын Кыргызстандын чек ара кезмети байкаган. Өз аймагына кайтуу талабын койгон кыргыз чек арачыларына коңшу мамлекеттин жарандары баш ийбей коюшкан жана таш менен ургулашкан. Чыр-чатак орун алган жерге келген Тажикстандын чек арачылары өз жарандарынын ээн баштыгын токтотууга чара көргөн эмес жана алар менен бирге күч колдонуп, кыргыз аскерлеринин куралын тартып алууга аракет кылышкан.

Натыйжада ар бир тараптан бирден ок чыгарылган.​ (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG