Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Баткен: Чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипке өттү


Баткенде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу ушу тапта жергиликтүү чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирүүдө.

Бүгүн Баткен районунун Көчө-Карын жергесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыккан чыр-чатактан улам ок атылды. Чек ара кызматы бир тажик жараны жараат алганын айтууда, ал эми "Азаттыктын" жеке булактарынын алдын ала маалымдашынча, ал адам мерт болду жана аны тажик тарап алып кетти.

Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, окуя али тактала элек тилкеде орун алды. Кыргызстан аймагына кирип кетип, Баткен-Исфана каттамындагы кыргыз жарандарынын автоунааларын таш менен ургулап жаткан Тажикстандын алты жаранын кыргыз чек арачылары тартипке чакырганы натыйжа берген эмес. Буга күбө болгон тажик чек арачылары да өз жарандарынын ээн баштыгын токтотууга чара көргөн эмес.

Натыйжада ар бир тараптан бирден ок чыгарылган.​ (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG