Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Ереванда кармалган 46 демонстрант бошотулду


Армения -- Баграмян проспектисин ачуу. Ереван, 6-июль, 2015.

Армения -- Баграмян проспектисин ачуу. Ереван, 6-июль, 2015.

Бүгүн борбордук Баграмян проспектисин бошотуу учурунда кармалган 46 кишинин баары бошотулганын Армения ИИМинин маалымат катчысы Ашот Агаронян билдирди. Аларга карата эреже бузуу боюнча эч кандай административдик протокол түзүлгөн жок.

Бүгүн түшкө жуук полиция 23-июндан бери бөгөлүп турган Баграмян проспектисин ачып, митингчилерди четке сүрүп чыгарган. Электр энергиясына тарифтер көтөрүлүшүнө каршы акциянын катышуучулары өткөн ишембиде бийликтер талабын аткарбаса дүйшөмбүдөн тарта "алдыга кадам" таштай турганын жарыялаган. Алар 23-июнда митингчилерге күч колдонгондорду жазалоо жана электр энергиясына тарифти көтөрүү чечимин жокко чыгаруу талабын коюп келишет. Митингчилер бүгүн кечке жуук кайра чогулуу ниетинде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG