Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Германия Греция боюнча катаң позицияга өттү


Эвклид Цакалотос - Грециянын жаңы финансы министри
Эвклид Цакалотос - Грециянын жаңы финансы министри

Германия Грециянын насыясын жеңилдетүү үчүн жаңы кредит берүү программасына катышуудан баш тартат. Бул тууралуу бүгүн билдирген канцлер Ангела Меркелдин өкүлү Штеффен Зайберт Грециядагы кечээки референдумдан кийин жаңы программа боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга негиз жоктугун айтты. Ал ошондой эле эгер Греция евроаймакта калууну кааласа, бул маселени Афины өзү чечерин, Берлин грек тараптын конкреттүү сунуштары менен таанышуу мүмкүндүгүн күтүп жатканын кошумчалады.

Евротоптун төрагасы Йерун Дейсселблумдун баасына караганда, референдумдун жыйынтыгы "Европаны Грециянын финансылык проблемасын чечүүгө жакындаткан жок. Германиянын катаң позициясына карабай Франция, Италия жана Испания Греция менен сүйлөшүүдө жумшагыраак позицияны карманууда.

Бүгүн эртең менен Грециянын финансы министри Янис Варуфакис кызматан кеткени жарыяланып, ал премьер-министр Алексис Ципрас кызматтан кетиши "келишимге жетишүүгө жардам бериши мүмкүн" деп чечкендиктен ушундай кадамга барганын айткан. Анын ордуна дароо эле орун басары Эвклид Цакалотос дайындалды.

Жекшембидеги референдумда грециялык шайлоочулар бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эл аралык кредиторлордун талабын көпчүлүк добуш менен колдобой койгон.

XS
SM
MD
LG