Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Ереванда демонстранттар кайра чогулду


Полиция Баграмян көчөсүн бошотууда, Ереван, 6-июль, 2015.
Полиция Баграмян көчөсүн бошотууда, Ереван, 6-июль, 2015.

Электр энергиясына тариф көтөрүлүшүнө нааразылар бирок баштагыдай Баграмян көчөсүнө эмес, "Эркиндик" аянтына чогулду. Бүгүн түш ченде полиция алар 23-июндан тарта бөгөп турган проспектти ачып, 46 кишини кармап кеткен. Бирок кечке жуук аларды кайра бошоткон.

Аянтка чогулгандар мындан аркы кадамдарын талкуулап, активисттердин бири социалдык талаптардан саясий талаптарга өтүү зарылдыгын айтты. Баграмяндагы акциянын координаторлорунун бири Давид Санасарян ачкачылык жарыялаганын, бирок бул аракети бийликке каршылык иретинде эмес, жарандарды аянтка чакыруу максатында жасалып жатканын айтты. Ал аянтка кайрадан көп эл чогулуп, Баграмянга кайра барышканда гана ачкачылыгын токтоторун кошумчалады.

Полиция ошол эле учурда демонстранттар эми Баграмян проспектисине барышына жол бербесин билдирди.

XS
SM
MD
LG