Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Невянскидеги абакта өлгөн кыргызстандыктын өлүмү иликтенүүдө


Орусиянын Свердлов облустук тергөө комитети кызмат абалынан пайдалануу беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштерин баштады. Иликтөө иштери жүрүп жаткан убакта абактын башчысы, орун басары жана бир нече кызматкери иштен четтетилди.

Свердлов облустук жаза аткаруу башкармалыгы маалымдагандай, 3-июль күнү жаза бөлүмүнө камалган кыргызстандыктын абалы начарлап, ооруканага которулган. Бир күндөн кийин каза болгон. Набыт болгон киши 2012-жылы каракчылык кылган деп айыпталып, камалганы айтылууда.

5-июлда абакта жүздөгөн кишилер наар алуудан баш тартып, муну менен түрмө жетекчилигине нааразылыгын билдирген. Ушундан улам, абакка облустук Жаза аткаруу башкармалыгынын башчысы, облустук прокурордун 1-орун басары, адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана коомдук байкоочу комиссиянын бир нече өкүлү келип, камактагылар менен сүйлөшкөн. Свердлов облусундагы адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Татьяна Мерзлякованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, камактагылар өлгөн жазалануучунун иши аягына чейин иликтенбесинен шектенип, тамактануудан баш тартышкан. Алар бул ишке тиешеси бар деп санаган түрмө кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө башталса гана ачкачылыкты токтоторун билдиришкен. Абактагылар кыргызстандык жарандын өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар деп, бир нече кишинин аты-жөнүн аташкан.

Маалыматтар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталса да, камалгандардын айрымдары ачкачылыгын улантышууда. Облустук жаза аткаруу башкармалыгы бул иш боюнча тергөө комитетинен тышкары өзүнчө иликтөө жүргүзөрүн билдирүүдө.

Азырынча набыт болгон кыргызстандыктын аты-жөнү ачыкталбай жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG