Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:32

Грециянын өкмөтү насыя кризисинен чыгуу үчүн жаңы сунуш айтат


Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Евромейкиндиктин чукул саммитинин алкагында бүгүн Брюсселде өлкөнү насыя кризисинен алып чыгып кетүү тууралуу жаңы сунуштарын айтуусу күтүлүүдө. Мында Ципрас Грециянын карызын 30 пайызга кечүүнү талап кылат деген маалыматтар бар.

Франциянын президенти Франсуа Олланд 6-июлда Ципрасты “ишенимге татыктуу сунуш менен чыгууга” үндөдү. Германиянын канцлери Греция “өзүн-өзү куткарып калуу боюнча планын чыгарган жок” деп айыптады.

Кечээ Грециянын финансы министри Янис Варуфакис кызматан кеткени жарыяланып, ал премьер-министр Алексис Ципрас кызматтан кетиши "келишимге жетишүүгө жардам бериши мүмкүн" деп чечкендиктен ушундай кадамга барганын айткан. Анын ордуна дароо эле орун басары Эвклид Цакалотос дайындалды.

Жекшембидеги референдумда грек шайлоочулар бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эл аралык кредиторлордун талабын көпчүлүк добуш менен колдобой койгон.

Греция Эл аралык валюта фондуна болгон карызынын кезектеги траншын төлөп бере албай, 1-июлда дефолтко кабылган. Афины Эл аралык валюта фондуна 1,55 млрд. карызы бар.

Греция Эл аралык валюта фондуна болгон карызынын кезектеги траншын төлөп бере албай, 1-июлда дефолтко кабылган. Афины Эл аралык валюта фондуна 1,55 млрд. карызы бар. Өлкөнүн банктары 9-июлга чейин ачылбайт.(ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG