Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Атамбаев: Эл бузарлардан алыс болгула


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Сузакта жаңы курулган көпүрөнүн ачылыш салтанатына катышты. Ал чогулган эл алдында сүйлөп жатып көпүрө улут аралык ынтымакка, аймактардын биримдигине гана себепкер болушун каалады.

- Бир саясатчы "Мен парламентке мандат алыш үчүн керек болсо шайтан менен биригем" дептир. Ошондойлор элди бузганга, бөлгөнгө, бирин бирине тукурганга аракет кылат. Жер-жерге, региондорго бөлөм дегендер келет. Алардын баарын башка бир жакка айдаш керек, - деди мамлекет башчы.

Көк-Арт дарыясынын Сузак участогунда курулган көпүрө Жапон мамлекети бекер берген 12 млн доллардын эсебинен JICA агенттиги аркылуу курулду.

Эски көпүрө 1967-жылы салынган болчу. Анын ордуна жаңысын куруу иштери 2013-жылдын декабрь айында башталган. Узундугу 89, туурасы 13 метр.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Үгүт кампаниясы расмий баштала элек болгону менен партиялар элди кыдырып, добуш топтоо аракетин көрүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG