Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

БУУ Кара-Суунун 45 тургунуна паспорт жасатып берди


Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Оштун Кара-Суу районунда 45 тургунга жарандык паспорт жасатып берди. Паспортторду уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү Маки Шинохара өзү тапшырды.

Шинохаранын айтымында, быйыл жыл башында Кыргызстанда 12 миң адамдын паспорту жок деген маалымат болгон. Азыркы күнгө карата ким экенин тастыктаган документи жок 7 миң киши аныкталды. Алардын дээрлик жарымына паспорт берилди.

Учурда ушул эле долбоордун алкагында Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда атайын мобилдик топтор иштеп жатат. Алар паспорт алуу үчүн керектүү документтерди топтоп, тиешелүү мекемеге кайрылууга жардам берүүдө.​ (YI)

XS
SM
MD
LG