Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Өзбекстанда телеканалдарда жаңыруучу ырлар көзөмөлгө алынат


1-августтан тартып, Өзбекстандагы бардык телеканалдар бир көркөм кеңешке баш иет. Sayyod.com сайтынын билдиришинче, бул көркөм кеңеш өлкөдөгү эстрада тармагын көзөмөлдөөчү “Өзбекнаво” агенттигинин алдында түзүлгөн. Август айынан тартып, телеканалдардын эфирине кое берилүүчү бардык ырлар, клиптер ушул көркөм кеңеш тарабынан сунуш кылынат. Ал эми телеканалдарга эфирге өз алдынча музыка, ыр кое берүүгө уруксат берилбейт.

Өзбекстандын маданият жана спорт министрлигинин алдында түзүлгөн “Өзбекнаво” буга чейин “талаптарга жана эрежеге туура келбейт” деген себеп менен эстрада ырчыларынын лицензияларын жокко чыгарып келген. 1-июль күнү ушундай жүйө менен үч ырчынын лицензиясы алынган эле.

XS
SM
MD
LG