Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Орусиянын Федерация кеңеши Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү келишимин ратификациялады


“Кыргызстандын ЕАЭБге кириши – бул интеграциялык бирикмени ансайын бекемдейт” деп билдирди Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко журналисттерге. Ал ЕАЭБ ийгиликтүү өнүгөрүнө ишенерин кошумчалады. Бул тууралуу Федерация кеңешинин сайты жазды. Ага ылайык, 8-июлдагы отурумунда Федерация кеңеши Кыргызстандын биримдикке кирүүсү тууралуу келишимдерди жактырды.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө макулдугун буга чейин Армения, Беларус жана Кыргызстандын парламенттери берген. Казакстандын мажилиси бул маселени 9-июлда карашы күтүлүүдө.

Андан кийин биримдикке мүчө өлкөлөрдүн президенттери ратификацияланган келишимдерге кол койгон соң, Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө боло алат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG