Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Макмалда алтын азаюуда


Бул тууралуу "Макмал" алтын комбинатынын башкы адиси Марат Сырымбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта кенде 1,5 тонна гана алтын калды. Ал ашып кетсе үч жылга гана жетет.

Макмалдын алтыны түгөнгөн соң анын жанындагы Кылдоо кенин ачуу сунушу айтылууда. “Кыргызалтындын” жетекчиси Алмаз Алимбеков “Азаттыкка” кенди иштетүү боюнча долбоор даярдалганын билдирип, чалгындоо иштери жүргүзүлгөнүн айтты. Анын маалыматы боюнча, кыргыз өкмөтү Кылдоону өзү каза албайт, ошондуктан инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Кенге Түштүк Корея, Швейцария жана Кытай кызыгууда. (EBM/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG