Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

“Визит Турга” нааразылар бийликке кайрылды


“Визит Тур” компаниясына АКШга виза ачуу үчүн акча берип, алданып калган жарандар президентке, өкмөт башчыга, спикерге жана ички иштер министрине кайрылуу жолдошту. Алар алдамчыларды тезирээк жоопко тартууну талап кылып жатышат.

Маалыматка ылайык, аталган компания АКШга виза ачып беребиз деп, 32 адамдан 6500 доллардан акча алган, бирок убадасын аткарган эмес. Болгону эки адамга гана акчаcын кайрып берген. Нааразы болгондор, милицияга арыз жазып, май айында төрт адам камакка алынган. Алар учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Милиция тергөө уланып жатканын, жыйынтыгын сурак бүткөндө билинерин айтууда.

"Визит Тур" компаниясындагылар жабырлануучулардын акчасы сөзсүз кайтарууга убада берип жатышат. (SE\AiA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG