Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Лабораториялардын 80% ЕАЭБ талаптарына ылайыкташырылды


Өлкөнүн фитосанитардык, ветеринардык лабораториялары 2016-жылдын февраль айына чейин толугу менен ЕАЭБ талаптарына ылайыкташат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин алдындагы метеорология жана стандартташтыруу борборунун жетекчиси Бердимамат Аданбаев билдирди. Лабораторияларды заманбап үлгүдө жасоо каржыга көз каранды, азыр алардын дээрлик 80 пайызы даяр.

- Кыргызстан ЕАЭБге кирүү алдында лабораторияларга заманбап аппараттарды сатып алуунун аракетин көрүүдө. Бул жаатта 11 млн. долларга жакын каражат Орусиядан бөлүнүүдө. Айрыкча басымды фитосанитардык лабораторияларга жасап жатабыз.

Өлкөдө аккредитациядан өткөн жалпысынан 90го жакын лаборатория бар. Алардын ичинен 35и тамак-аш продукцияларын сыноодон өткөрөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG