Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

“Жалал-Абад электр” ири сумманы кымырганы айтылууда


“Жалал-Абад электр” ишканасынын кызматкерлери 10 миллион сомго жакын акчаны "сол чөнтөккө урганы" тууралуу факт аныкталып, иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкерлер ишканага керектүү жабдыктарды сатып алынганы тууралуу жасалма документтерди жасашкан. Эсеп-дүмүрчөктө көрсөтүлгөн соода мекемелери аларга эч нерсе сатылган эместигин билдиришкен. Иликтөөнүн жыйынтыгы эки апта ичинде аныкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG