Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

АКШ өзөктүк программа боюнча Иран менен келишимге жетүүгө шашпайт


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Венада журналисттерге билдирди. Анын айтымында, америкалык делегация сүйлөшүүгө ар дайым эле катышууга даяр эмес, мында АКШны сүйлөшүүлөрдө жетишилген ийгиликтер гана кармап турат.

Сүйлөшүүлөр дагы канчага созулат деген суроого жооп берип жатып, мамлекеттик катчы бир күн мурун президент Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Анын сөзү боюнча Обама Ирандын өзөктүк программадан баш тартуусун түбөлүк күтө берүүгө болбостугун айткан. Керринин айтуусунда, эгер Иран тараптан чечкиндүү кадам болбосо, АКШ процессти аяктоого даяр.

Иран, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ Тегерандын өзөктүк программасын кыскартуусунун үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн Иранга санкциялар жеңилдетилет деп убада берилген.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф келишим түзүү үчүн Венадагы сүйлөшүүгө “канча зарыл болсо ошончо” убакыт катыша берүүгө даярдыгын айткан.

XS
SM
MD
LG