Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Чек арадагы өткөрмө бекеттеринин ЕАЭБга кирүүгө даярдыгы тааныштырылат


Буга байланыштуу бүгүн Мамлекеттик бажы кызматы журналисттерди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын лабораториясынын жана “Манас” аэропортундагы өткөрмө бекеттеринин иши менен тааныштырат. Анда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү лабораториянын жана бажы бекеттердин ЕАЭБга мүчө болгондон кийинки иштөө жараяны, ага чейинки даярдыгы тууралуу толук маалымат ала алышат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Апта башында айрым басылмалар Кыргызстандагы бажы бекеттери, чек арадагы өткөрмө жана фитосанитардык түйүндөр өлкөнүн Евразиялык интеграцияга кирүүсү менен чек аранын ачылышына даяр эмес деп жазып чыгышкан. Мамлекеттик бажы кызматы бул маалыматтарды төгүндөп, Кыргызстандын чек арадагы өткөрмө бекеттери биримдикке кирүүгө даяр экенин билдирген. Андагы маалыматка караганда, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бажы кызматкерлери жана Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү да Кыргызстан ЕАЭБга кирүүгө толук даяр деген жыйынтыкка келишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG