Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, күрүч талаасын жууп кетти


Баткендин Төрт-Гүл айыл аймагын аралап өткөн Сох дарыясынын деңгээли 9-июль күнү жогорулап, болжол менен 100 гектар аянттагы күрүч талаасын жууп кетти. Суу ташкынына күндүн кескин ысыганы себеп болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 200-чакырымындагы көпүрө кооптуу абалга кептелди. Дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG