Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

АКШ жана Иран ядролук сүйлөшүүлөрдө араздаша кетти


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф (солдо) ядролук сүйлөшүү болгон "Palais Coburg" мейманканасынын балконунда туруп журналисттер менен баарлашууда. Вена, 9-июль 2015

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф (солдо) ядролук сүйлөшүү болгон "Palais Coburg" мейманканасынын балконунда туруп журналисттер менен баарлашууда. Вена, 9-июль 2015

Иран келишимге зарыл болгон “катаал чечимге” барбаса, сүйлөшүүнү таштап кетем, деп эскертти 9-июлда Венада АКШ мамкатчысы Жон Керри. Иран өз кезегинде АКШны жана Батышты “психологиялык уруш” баштоодо жана акыркы мүнөттө өз позицияларын өзгөртүүдө деп күнөөлөдү.

Керри жана башка Батыш расмийлеринин айтымында, Иран алиге дейре ядролук программасын “ооздуктоо” боюнча саясий чечим кабыл алган эмес.

9-июнда Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест сүйлөшүү узара бериши мүмкүн эместигин билдирди:

- Кайрадан алар кортунду келишимге мурдагыдан да жакын турушат жана биз андан эмне күткөнүбүздү даана билебиз. Бул сүйлөшүү дагы бир нече жумага созулганын мүмкүн кылбайт. Анын жыйынтыгы жөнүндө ал, бул дегим келбейт.

Венадагы сүйлөшүү эки жума мурда башталып, мөөнөтү эки мертебе узартылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG