Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын катышуучулары аныкталды


Ысык-Көл облусунда өтө турган эл аралык “Мейкин Азия” фестивалына Кыргызстандын атынан быйыл төрт ырчы катышат. 9-июлда улуттук филармонияда башталган тандоо туру бүгүн жыйынтыкталды.

Ыр-таймашка катышам деген 40 талапкердин ичинен биринчи турдан жети ырчы өттү. Экинчи турда төртөө жеңүүчү деп табылып, фестивалга катышууга жолдомо алышты. Алар – Адилет Азимов, Акмөөр Болотбек кызы, Руслан Асанкан уулу жана Аксайбек Муканбет уулу.

“Мейкин Азия” эл аралык фестивалы ушуну менен экинчи жолу уюштурулууда. Өнөр таймашы алгач 2013-жылы өткөрүлүп, 17 мамлекеттен таланттар катышкан. Баш байгени казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов утуп алган. Быйыл эл аралык сынак 22-25-июлда Чолпон-Ата шаарында өтөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG