Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Уфада Шанхай кызматташуу уюмунун саммити өтүүдө


ШКУнун лидерлери Уфадагы саммит учурунда. 10-июль 2015

ШКУнун лидерлери Уфадагы саммит учурунда. 10-июль 2015

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Рамзит Абдуллаевдин айтымында, жыйында 14 документке, анын ичинде уюмдун 2025-жылга чейин өнүгүү стратегиясына кол коюлат деп боолгонууда. "Индия жана Пакистандын уюмга кирүү өтүнүчү каралып, эки өлкөнү кабыл алуу жараяны башталганы Уфада жарыя кылынды", деди кабарчыбыз.

Президент Алмазбек Атамбаев Индия менен Пакистандын ШКУга мүчө болуусун колдоп, уюмдун Өнүгүү банкын түзүүнү тездетүүгө үндөдү деп маалымдады ИТАР ТАСС.

Азыр ШКУга Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Байкоочу макамына Монголия, Индия, Иран, Пакистан, Ооганстан ээ. Мындай макам Беларуска да берилерин жыйында президент В. Путин жарыя кылды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG