Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Индия жана Пакистан болочокто ШКУга кошулат


ШКУнун лидерлери Уфадагы саммитте. 10-июль 2015

ШКУнун лидерлери Уфадагы саммитте. 10-июль 2015

Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлеринин 10-июлда Уфада аяктаган саммитинде кабыл алынды. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Рамзит Абдуллаевдин билдиришинче, ”Уюмга мүчө өлкөлөр арасындагы сооданы жана инвестицияны стимулдаштыруу үчүн ШКУнун фондун жана Өнүгүү банкын түзүү боюнча иштер улантылсын, Беларуска байкоочу макамы, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непалга диалог боюнча өнөктөш макамы берилди”. ШКУ мүчөлөрү Кытай Элдик Республикасынын Жапонияны жеңгенине арналып, сентябрда өтчү салтанаттарга жигердүү катышабыз деп милдеттеме да алышты.

ШКУга Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Байкоочу макамына Монголия, Индия, Иран, Пакистан, Афганистан ээ болчу. Президент В. Путин уюмдун кеңейүүсүн ШКУнун өнүгүүсүндөгү жаңы этап” деп сыпаттады. Орусия ШКУну Батыш альянстары менен теңтайлашчу уюм катары көрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG