Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Евросаммитте Грекиянын тагдыры чечилет


Бүгүн Брюсселде Грекиядагы экономикалык кырдаалга байланыштуу Европа биримдигинин саммити өтөт. Жыйында Грекияга каржылык колдоо көрсөтүү маселеси каралат.

Грек өкмөт башчысы Алексис Ципрастын кечээ кредиторлордун талабын угууга жана калкка оор келе турган чегинүүлөргө барууга даярдыгын билдирген. Евробиримдикке кирген өлкөлөр сунуштаган жаңы планда пенсияга чыгуу жашын 67 жашка чейин көтөрүү, салыктарды жогорулатуу жана мамлекеттин чыгашаларын кыскартуу каралган.

Евро жүгүртүлгөн аймакка кирген 19 мамлекеттин каржы министрлери жаңы планды 12-июлда карап, Афины биримдиктин ишенимине кирүүгө күчтөп аракеттениши керектиги айтылган. Грек өкмөтү жаңы пландын жактырылышы менен 60 млрд. долларга жакын жардам алууну көздөөдө. Грекия Европа биримдигине жана Эл аралык валюта фондуна болгон карызын төлөй албай, уюмдан чыгуу коркунучуна кептелген. (UEz)

XS
SM
MD
LG