Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Бишкекте Махатма Гандинин эстелиги ачылат


Бүгүн баш калаанын Жаш Гвардия бульварында белгилүү ойчул, мамлекеттик жана коомдук ишмер Махатма Гандинин эстелиги ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, айкелдин ачылыш салтанатына Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди да катышат.

Сүйөркулов кошумчалагандай, эки тараптуу жолугушууларда бирдиктүү медициналык борбор ачуу жана шайлоо тармагы боюнча келишимдерге кол коюлат. Индия премьер-министри Моди түшкө чейин президент Алмазбек Атамбаев менен тар чөйрөдө сүйлөштү. Ал өкмөт башчы Темир Сариев жана Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков менен да жолугат. Нарендра Моди Борбор Азия сапары алкагында Кыргызстанга алгач ирет келди. Индия өкмөт башчысы Кыргызстанга акыркы жолу 1995-жылы расмий сапар менен келген. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG