Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Ооганстанда “Ислам мамлекети” тобунун лидери өлтүрүлдү


“Ислам мамлекети” согуштук тобунун лидерлеринин бири Хафиз Саид Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында жок кылынды. Ал ИМдин Ооганстандагы жана Пакистандагы согушкерлерин жетектечү. Ооган атайын кыматтары билдиргендей, Саид жана 30 согушкер авиасоккулардын жардамы менен ишембинин түнүндө тындым кылынган.

“Ислам мамлекети” азырынча лидеринин өлүмүн тастыктай элек. Бирок авиасоккудан жихадчылардын дагы бир мартабалуу өкүлү мерт кеткени айтылууда. 9-июлда ооган расмийлери учкучсуз ракетадан талаа командири Шахидулла Шахиддин көзү тазаланганын билдиришкен. Ал бир аз мурда эле согушкерлердин катарына кошулган болчу.

XS
SM
MD
LG