Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:31

Украина чыгышында ок атышпоо келишими кайрадан бузулду


Украина чыгышында жикчилдер өкмөттүк күчтөргө каршы кайрадан ок чыгарышты. УНИАН агенттигинин кабарлашынча, украин аскерлеринин позициясына каршы артиллериялык курал колдонулган.

Атышуулардан Авдеевка, Опытное, Луганское, Старогнатовка, Лозовое жана Водяное калктуу аймактарындагы бир нече турак үйлөр кыйраган. Интерфакстын жазышынча жикчилдер 12-июлга караган түнү Донецк аэропортун миномет менен аткылашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG