Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

Евробиримдиктин саммити кийинкиге калды


Грекияга каржылык колдоо көрсөтүү боюнча Европа биримдигинин бүгүнкүгө белгиленген саммити күтүүсүздөн жылдырылды. Жыйындын болбой калышына Афины менен болгон сүйлөшүүлөрдүн оордугу себеп болгону айтылууда. Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск буга карабай биримдикке кирген өлкө лидерлери Грекияга жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантарын билдирди.

Бүгүн, 12-июлда Брюсселде Грекиядагы экономикалык кырдаалга байланштуу Евробиримдиктин саммити өтмөк. Жыйында Грекияга каржылык колдоо көрсөтүү маселеси чечилмек.

Евро жүгүртүлгөн аймакка кирген 19 мамлекеттин каржы министрлеринин 11-июлдагы жыйынында Афины биримдиктин ишенимине кирүүгө аракеттениши керектиги айтылган. Грек өкмөтү 60 млрд. долларга жакын жардам алууну көздөп жатат. Грекия Европа биримдигине жана Эл аралык валюта фондуна болгон карызын төлөй албай, уюмдан чыгуу коркунучуна кептелген. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG