Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү бир жаңсыл боло элек


Австрия -- Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф балкондон туруп алып журналисттер менен сүйлөшүп жатат. Вена, 10-июль, 2015.
Австрия -- Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф балкондон туруп алып журналисттер менен сүйлөшүп жатат. Вена, 10-июль, 2015.

Reuters маалымат агенттиги Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифке таянуу менен дүйнөнүн алты державасы менен жүрүп жаткан корутунду келишим боюнча бүгүн эч кандай билдирүү жасалбасын жазып чыкты. Зариф бул тууралуу АКШ мамкатчысы Жон Керри менен акыркы жолу жолугушуп чыккан соң айткан. "Биз дагы эле иштеп жатабыз жана жекшембиде эч нерсе жарыялабайбыз", - деп айткан Зариф.

Сүйлөшүүгө катышып жаткан башка расмийлер да анын алдында корутунду келишим боюнча жекшембиде эч нерсе жарыяланбашын болжоп жаткан, бирок келишимге жетишүү жакындап калганын, балким ал 13-июлда бир жаңсыл болушу ыктымалдыгын айтышкан.

Корутунду келишимге жетишүү мөөнөтү буга чейин үч жолу артка жылып, акыркы мөөнөт 12-июлга белгиленген эле.

Р5+1 тобу (АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия) Ирандын уранды байытуусун чектөөгө аракет жасашууда. Буга Иран көнсө, Тегеранга каршы киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жеңилдетилет.

XS
SM
MD
LG