Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Греция евромейкиндикте калат


(Cолдон оңго) Германия канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Франсуа Олланд жана Грециянын проемьер-министри Алексис Ципрас Брюсселдеги жыйын кезде. 12-июль 2015
(Cолдон оңго) Германия канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Франсуа Олланд жана Грециянын проемьер-министри Алексис Ципрас Брюсселдеги жыйын кезде. 12-июль 2015

Евромейкиндиктин лидерлери 17 сааттык сүйлөшүүдөн кийин Грецияга үчүнчү насыя траншын берүүгө жана өлкөнү евромейкиндикте кармап турууга бир добуштан макул болушту. Бул жөнүндө 13-июлда Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск маалымдады:

- Лидерлер принцибинде Европа стабилдештирүү механизми программасы боюнча сүйлөшүүнү баштоону макулдашты. Бул Грецияны колдоо улантылат дегенди билдирет.

Афиныга насыя өлкөнү дефолттон сактап калуу жана Грециянин евромейкиндиктеги ордун жоготпоосу үчүн зарыл.

Грециянын банктары жукарган корун көбөйтүү үчүн Европа борбордук банкынын насыясына муктаж.

XS
SM
MD
LG