Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Баткен облусуна караштуу Эки-Таш аймагында кыргыз-тажик чек ара тозотунун башчылары атайын окуудан өттү. Анда чектеш аймактарда жаңжалдарды болтурбоо чаралары, кырдаал курчуп кеткен учурда биргелешип иштешүү жана курал-жарак колдонбой маселени чечүү ыкмалары окутулду. Практикалык сабак чыр-чатактар көбүрөөк катталган аймактарда уюштурулуп, чек арачылар жеринде иштешти.
Буга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштар көп катталган. 6-июль күнү да Көчө-Карын жергесинде аскерлер аткан октон бир тажик жараны көз жумган. (КЕ)