Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Кыргызстандыктар Орусияда каттоосу жок 30 күн жүрө алат


Кыргызстандык жарандардын Орусиянын аймагында 30 күнгө чейин каттоосу жок жүргөнгө уруксат берген макулдашуу 20-июлдан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын кеңешчиси Гүлнура Нарматова Бишкектеги миграциянын көйгөйлөрүн талкуулаган жыйында билдирди. Ал ушул маселеге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен нота алышканын кошумчалады.

Жаңы жол-жоболорго ылайык, кыргызстандыктар 20-июлдан тартып Орусияда мурдагыдай 7 күн эмес, 30 күнгө чейин каттоосу жок жүргөнгө акылуу. Мындан сырткары Евразия экономикалык биримдигине байланыштуу бардык макулдашуулар бүткөн соң мигранттар үчүн патент системасы жоюлат жана орус, тили жана тарыхы боюнча экзаменден бошотулат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG